Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 8 ТОКТОМУ

 Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын   кезексиз  IV  сессиясынын

 

                                                                    № 8 ТОКТОМУ

22.04. 2023-жыл                                                                                      Жаңы-Жер айылы

БүргөндүСуу  СПАсы жөнүндө.

 

Ак-Турпак айыл аймагындагы БүргөндүСуу СПАнын  кеңешинин төрагасы

М. Сатыбалдыевдин 2023-жылдын 4-апрелиндеги кайрылуу каты айылдык кеңешинин сессиясында каралып, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. БүргөндүСуу СПАнын 2023-жылдын 22-апрелинен суу тарифи 1,0 га жер  аянты үчүн суу салыгы  1500  (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө эсептелинсин.

 

  1. БүргөндүСуу СПАсы ар бир суу пайдалануучулар менен келишим түзүшсүн.

 

3.Жогорулатылган төлөм менен суу салыгын жыйноо  жагы БүргөндүСуу СПАнын директору А.Акматовго милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы БүргөндүСуу СПАнын кеңешинин төрагасы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                А.Имаров

Жооп калтыруу