Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 7-апрели № 24

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 7-апрели  № 24                                                                          Жаңы-Жер айылы

“Ак-Турпак”  муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу

трактор сатып алуу жөнүндө

 

Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу “Янмар” үлгүсүндөгү 1 (бир) даана трактор сатып алуу долбоору боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу “Янмар” үлгүсүндөгү 1 (бир) даана трактор сатып алуу долбоорун ишке ашырууда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 275 000 (эки жүз жетимиш беш миң) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                           А. Имаров

Жооп калтыруу