Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-апрели № 23 Жаңы-Жер айылы
Миң-Чынар айылынын 3 (үч) км ички жолдоруна асфальт төшөө долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө
Миң-Чынар айылынын 3 (үч) км ички жолдоруна Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду жана элдин салымы менен асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп жаткандыктан, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражатын өздүк салым катары каржылап берүү боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Миң-Чынар айылынын 3 (үч) км ички жолдоруна асфальт төшөө үчүн Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду ишке ашырууда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 7 000 000 (жети миллион) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

