Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 7-апрели № 22

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 7-апрели  № 22                                                                          Жаңы-Жер айылы

Дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу 2 (эки) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу 2 (эки) долбоорго Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун карап чыгып, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылындагы “А.Төралиев атындагы орто мектепке ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 2 331 142 (эки миллион үч жүз отуз бир миң бир жүз кырк эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2 Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүк-Зар айылындагы “Алихан – Өрүк-Зар балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 2 598 937 (эки миллион беш жүз токсон сегиз миң тогуз жүз отуз жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                           А.Имаров

Жооп калтыруу