Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 7-апрели № 19

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 7-апрели  № 19                                                                          Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга

социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 88-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, кеңири талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
  2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                           А.Имаров

Жооп калтыруу