Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-марты №15 Жаңы-Жер айылы
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-380 беренелеринин негизинде мүлк салыгын турак жайларга эсептөөдө өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагынын мүлк салыгыны турак үйлөрдү 2025-2030-жылдарга эсептөөдөн салык кодексинин 409-беренесинде көрсөтүлгөндөй айыл аймагынын калкынын санына жараша мүлк салыгын турак үйлөргө салыгын эсептөөдө 5 жылга чейин 1 ч.м. 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

