Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры № 9 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын
тизмесин түзүү жана курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, айылдык кеңештин Регламентинин талаптарына ылайык жана кеңештин ишин натыйжалуу жүргүзүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын тизмеси түзүлсүн:
1). Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;
2). Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча;
3). Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
4). Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;
5). Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, жана социалдык маселелер боюнча.
- Туруктуу комиссиялардын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Тиешелүү багыттар боюнча иштерди уюштуруу жана квартал сайын айылдык кеңешке маалымат берип туруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
- Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А. Имаров
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2024-жылдын 19-декабрындагы кезектеги III сессиясынын
№ 9 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тизмеси
жана алардын курамы
| № | Туруктуу комиссиянын аталышы | Комиссиянын курамы |
|
1 |
Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча |
1. Акматова Саадат
2. Салиева Гулмира 3. Ганыева Бактыгүл |
|
2 |
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча
|
1. Бурханов Бекулан
2. Арзыбаев Камилжан 3. Кулуева Донахон 4. Келдибеков Кабулбек |
|
3 |
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча
|
1. Коргонбаев Байсалбек
2. Садыкова Гулдаста 3. Сатыбалдиев Бактыбек 4. Джеенбаев Гылычбай |
|
4 |
Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча
|
1. Абдикаримов Урустамали
2. Сейитмуратов Кайратбек 3. Мамараимов Алмазбек 4. Бөрүбаев Алмазбек 5. Бөкөева Күмүшай |
|
5 |
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, жана социалдык маселелер боюнча |
1. Ахунова Сапаргуль
2. Жолчиева Минавархан 3. Ботобеков Мурзакарим |
Жооптуу катчы Н. Насибалиев

