Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-июлу № 32 Жаңы-Жер айылы
Кызыл-Коргон айылындагы 0,05 га жер аянтын Ж.Садиров атындагы милиция бөлүмүнүн карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-июлундагы № 138 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык, социалдык муктаждыктарды канааттандыруу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кызыл-Коргон айылындагы медициналык пунктка бөлүнгөн жалпы 0,13 га жер аянтынан ажыратылган 0,05 га жер аянты Ж.Садиров атындагы милиция бөлүмүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
- Жер аянтын өткөрүп берүү иштерин мыйзамдуу уюштуруу жана тийиштүү тартипте аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

