Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-июлу № 31 Жаңы-Жер айылы
Жаңы конушка “Биримдик” деген аталышты ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиннин 2025-жылдын 25-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” № 149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү маселелерин кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык, жергиликтүү калктын сунуштарын жана коомчулуктун пикирин эске алуу менен жаңы конушка ат коюу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дюкер участогундагы жаңы конушка “Биримдик” деген аталыш ыйгарылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Имаров

