Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 1-июлу № 26

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 1-июлу  № 26                                                                            Жаңы-Жер айылы

            Ак-Турпак айыл аймагынан 1000 (бир миң) га жер аянтын

узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-июлундагы № 132 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесине жана 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “КСЭ ГРУПП КОМПАНИ” ЖЧК сынын түрк инвесторлору менен биргеликте күн жана шамал энергиясынан кайра жаралуучу электр энергиясын өндүрүү максатында сураган Ак-Турпак айыл аймагындагы 1000 (бир миң) га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жер аянтын ижарага берүү иштерин мыйзам чегинде уюштуруу жана тийиштүү тартипте аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Түзүлө турган эки тараптуу келишимде жергиликтүү элдин муктаждыктарын камсыз кылуу жана социалдык-маданий өнүгүүгө салым кошуу чаралары белгиленсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

 

 

Жооп калтыруу