Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 9-февралы № 3

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 9-февралы  № 3                                                                         Жаңы-Жер айылы

“Миң-Чынар” башталгыч билим берүү мектебине Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан сунушталган тарыхый белгилүү инсандардын тизмесинин жана “Миң-Чынар” башталгыч билим берүү мектебинин жамаатынын протоколунун негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн                    2026-жылдын 5-февралындагы № 20 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын  Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Миң-Чынар” башталгыч билим берүү мектебине Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссияга белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу