Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-декабры № 44 Жаңы-Жер айылы
Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоонун наркын бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 248 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, 2024-жылдын 22-февралындагы Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” № 53 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 токтомун аткарууга алуу жана көрүстөндөрдү пайдаланууну тартипке келтирүү жана көмүү жайларын брондоо кызматтары боюнча экономикалык негизделген наркты аныктоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо кызматы боюнча наркты аныктоо үчүн даярдык иштери жүргүзүлсүн.
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге:
– көрүстөндөрдү кармоо, тейлөө жана уюштуруу боюнча чыгымдарды эске алуу менен көмүү жайларын брондоонун экономикалык негизделген наркын эсептеп чыгуу;
– эсептелген нарк боюнча тарифтердин долбоорун даярдоо;
– тарифтердин долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүү;
– калк арасында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жана сунушталып жаткан нарк боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– коомдук талкуунун жыйынтыгы жана эсептөөлөр менен бирге бул токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды айылдык кеңештин кароосуна алып келүү жагы тапшырылсын.
- Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоонун так наркы бул токтомго тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

