Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-декабры № 43 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагынан 763 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) жана ошол жер аянтын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 243 жана 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 248 сунуш каттары айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагындагы асылдуулугу төмөн 763 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) жана ошол жер аянтын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап мыйзам чегинде уюштуруу жана тийиштүү тартипте аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

