Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентябры № 39 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-сентябрындагы № 21 сандуу
“Келечек айылына жаңыдан курулган мектеп жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Келечек айылына жаңыдан курулган мектепке аталыш ыйгаруу жана мектептин ички жасалгасы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүү боюнча маселени угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Келечек айылына жаңыдан курулган мектептин ички жасалгасы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
- Келечек айылындагы № 78 “Жаш-Тилек” толук эмес орто мектебинин жанына типтүү долбоор боюнча курулган жаңы орто мектеп пайдаланууга берилип жаткандыктан, мектептин расмий аталышы “Жаш-Тилек” орто мектеби деп өзгөртүлсүн.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго милдеттендирилсин.
- Бул токтом менен 2023-жылдын 9-сентябрындагы № 21 сандуу “Келечек айылына жаңыдан курулган мектеп жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген деп эсептелсин.
Төрага А.Имаров

