Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентябры № 38 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетине өгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Кожояровдун маалыматын жана айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу 1-тиркемеге ылайык чыгашалар бөлүмүндөгү статьялардын арасында, 2-тиркемеге ылайык кирешелер бөлүгүнө, 3-тиркемеге ылайык чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кадамжай каржы башкармалыгынан суралсын.
- Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы кезектеги XI сессиясынын № 38 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү боюнча маалымат
- Чыгаша бөлүмү
| Статья | Бөлүмдүн аталышы | Сумма | а.и.кв.боюнча | |
| 2 кв | 3 кв | |||
| Жалпы: | 2608,4 | 0,0 | 2608,4 | |
| 701 | 1388,4 | 0,0 | 1388,4 | |
| Аппарат управления | 1388,4 | 0,0 | 1388,4 | |
| 2214 | Транспорттук кызматтар | 478,1 | 0,0 | 478,1 |
| 2222 | Ар түрдүү материалдар жана буюмдарды сатып алуу | 910,3 | 910,3 | |
| 706 | 1220,0 | 1220,0 | ||
| ЖКХ | 1220,0 | 1220,0 | ||
| 2222 | Ар түрдүү материалдар жана буюмдарды сатып алуу | 1100,0 | 1100,0 | |
| 3112 | Машиналар жана жабдуулар | 120,0 | 0,0 | 120,0 |
| ЖКХ | ||||
| 3111 | Имараттар жана курулмалар | – 2608,4 | – 2608,4 | |
Жооптуу катчы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы кезектеги XI сессиясынын № 38 токтомуна 2-тиркеме
миң сом менен
| Статья, элемент |
Чыгашалардын аталыштары |
2025-жылдын жергиликтүү кирешесинен | |
| Бардыгы: 10 000,0 миң сом | 10 000,0 | ||
| 1 | 14152600. | Аренда ФПЗ | 10 000,0 |
Жооптуу катчы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы кезектеги XI сессиясынын № 38 токтомуна 3-тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү боюнча маалымат
- Чыгаша бөлүмү
| Статья | Бөлүмдүн аталышы | Сумма | а.и.кв.боюнча | |
| 2 кв | 3 кв | |||
| Жалпы: | 10 000,0 | 0,0 | 10 000,0 | |
| 701 | 1545,0 | 0,0 | 1545,0 | |
| Аппарат управления | 1545,0 | 0,0 | 1545,0 | |
| 2215 | Ар түрдүү чыгымдарга | 1545,0 | 0,0 | 1545,0 |
| 706 | ||||
| ЖКХ | 8455 | 8455 | ||
| 2222 | Ар түрдүү чыгымдарга | 150,0 | 150,0 | |
| ЖКХ | ||||
| 3111 | Имараттар жана курулмалар | 7805 | 7805 | |
| 2512 | Ички насыялар | 500,0 | 500,0 | |
Жооптуу катчы Н.Насибалиев

