Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 8-сентябры № 37

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 8-сентябры № 37                                                                      Жаңы-Жер айылы

Жаңы-Жер айылынын тургуну Б.Бурхановго айыл өкмөтүнүн эсебинен акча каражатын төлөп берүү жөнүндө

 

Кадамжай райондук сотунун 2025-жылдын 8-июлундагы № ГД-295/25-Ба2 жарандык иш боюнча чечими менен таанышып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – юридикалык маселелер боюнча жооптуу У.Жумаевдин маалыматын жана айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Кадамжай райондук сотунун 2025-жылдын 8-июлундагы чечимдери аткарууга алынсын.
  2. Соттун чечимине ылайык Жаңы-Жер айылынын тургуну Б.Бурхановго 4 166 700 (төрт миллион бир жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнүп берилсин.
  3. Көрсөтүлгөн сумманы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсебинен ажыратып төлөп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу