Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 14-августу № 36

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 14-августу  № 36                                                                       Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа каражатын

лизинг жолу менен алууга макулдук берүү  жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевдин маалыматын угуп,               2016-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин                            78-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Министрлер кабинетинин 2025-жылдын                  25-июлундагы № 633 тескемесине, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-16/333 катына ылайык, ошондой эле айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө кызматтык пайдалануу үчүн Шевроле Трекер (Chevrolet Tracker) үлгүсүндөгү автоунааны лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
  2. Лизинг алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана тапшыруу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу