Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 14-августу № 34

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 14-августу  № 34                                                                       Жаңы-Жер айылы

“Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетине

өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

“Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековдун                    2025-жылдын 14-августундагы № 5 сураныч каты каралып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевдин маалыматы угулуп, талкууланып,  Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетине айыл өкмөтүнүн субсидиясынын жана башка кошумча каражаттардын эсебинен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
  2. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу максатындагы бюджеттин жетишпеген бөлүгүн (дефицит) толуктоо үчүн Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 268 136 (бир миллион эки жүз алтымыш сегиз миң жүз отуз алты) сом субсидия бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  3. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 2 768 136 млн сом айыл өкмөтүнүн субсидиясын кошкондо жалпы 5 455 796,2 (беш миллион төрт жүз элүү беш миң жети жүз токсон алты сом 20 тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 5 455 796,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековго милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу