Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы № 25 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы жайыт жерлеринде өскөн
“Чайыр” (ферула) өсүмдүгү жөнүндө
“Дыйкан Ата” ЖЧКнун жетекчиси К.Сайпидин уулунун 2025-жылдын 30-апрелиндеги арызындагы “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо маселесинин негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын ( мындан ары МИ) башчысы М.Ботобековдун 2025-жылдын 30-майындагы № 1 сунуш катын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы “Ак-Турпак айыл аймагындагы жайыт жерлеринде өскөн “Чайыр” өсүмдүгү жөнүндө” № 37 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
- “Ак-Турпак” МИ нын башчысы М.Ботобековдун 2025-жылдын 30-майындагы № 1 сунуш каты канааттандырылсын.
- “Дыйкан Ата” ЖЧК менен “Ак-Турпак” МИ нын ортосунда, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо иш аракеттерин жүргүзүү боюнча келишим түзүүгө макулдук берилсин.
- Келишим түзүү иштерин жүргүзүүдө айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы биргеликте иш алып барышсын.
- “Чайырдын” ширесин жыйноо иштерин уюштурган тараптар менен айыл өкмөтүнүн түзгөн келишиминде жергиликтүү бюджетти көтөрүү жана социалдык пайда алып келүүчү шарттар сөзсүз коюлсун.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

