Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №12 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы
№ 9 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун сунуштарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы “Ак-Турпак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тизмесин түзүү жана курамын бекитүү жөнүндөгү” № 9 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тизмеси өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин төмөнкүдөй түзүлсүн:
1). Бюджет жана экономика боюнча;
2). Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча;
3). Турак жай боюнча;
4). Муниципалдык менчик боюнча;
5). Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, жана социалдык маселелер боюнча.
- Туруктуу комиссиялардын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Тиешелүү багыттар боюнча иштерди уюштуруу жана квартал сайын айылдык кеңешке маалымат берип туруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
- Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А. Имаров
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2025-жылдын 16-январындагы кезексиз IV сессиясынын
№ 12 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары
жана алардын курамы
| № | Туруктуу комиссиянын аталышы | Комиссиянын курамы |
|
1 |
Бюджет жана экономика боюнча |
1. Сатыбалдиев Бактыбек
2. Садыкова Гулдаста 3. Абдикаримов Урустамали 4. Арзыбаев Камилжан |
|
2 |
Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча
|
1. Коргонбаев Байсалбек
2. Джеенбаев Гылычбай 3. Бурханов Бекулан 4. Бөрүбаев Алмазбек |
|
3 |
Турак жай боюнча
|
1. Ботобеков Мурзакарим
2. Ганыева Бактыгүл 3. Мамараимов Алмазбек 4. Кулуева Донахон |
|
4 |
Муниципалдык менчик боюнча
|
1. Акматова Саадат 2. Салиева Гулмира 3. Келдибеков Кабулбек |
|
5 |
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, жана социалдык маселелер боюнча |
1. Ахунова Сапаргуль
2. Жолчиева Минавархан 3. Бөкөева Күмүшай |
Жооптуу катчы Н. Насибалиев

