Ак – Турпак айыл өкмөтү Ак – Турпак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат орунун ээлөө боюнча сынак жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
– толук жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3.Кесиптик компетенциясы:
– жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
– тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152 Указы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” жобо, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”);
– кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.
– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууга Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн сынак комиссиясына газетага жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
- Өздүк арыз, резюме;
- Паспорттүн көчүрмөсү;
- Кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
- Билими тууралуу документтердин көчүрмөсү (диплом);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Өмүр баян. Документтер Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.