Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын
№41 ТОКТОМУ
16.09.2022-жыл. Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга
жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2022-жылдын 1-январына карата калган 7535,3 млн сом каражатты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине каржылоо үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарына
№ 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2.Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрун максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.
3.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет-экономика жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Ахунова С.

