Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 37 ТОКТОМУ
10.06.2022-жыл. Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы жайыт жерлеринде
өскөн “Чайыр” өсүмдүгү жөнүндө.
Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук айылдарынын тургундарын 2022-жылдын 10-июнундагы №01-26/ 16 сандуу арыз даттанууларынын негизинде жайыт жерлердеги “Чайыр” өсүмдүгүн пайдалануу жана ширесин алуу жөнүндө Ак-Турпак айылдык кеңеши угуп, талкуулап токтом кылыт:
1.Ак- Турпак айыл аймагына караштуу жайыт жерлеринен “Чайыр”өсүмдүгүн алуу бүгүндөн баштап токтотулсун.
- “Чайыр” өсүмдүгүн жыйнаган ишкерлер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылсын.
3.“Чайыр” маселесин токтотуу иши Ж. Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмүнө, жайыт комитетине жана экология боюнча адис К. Сатыбаевге жана жайыт комитетинин төрагасы М. Ботобековго милдеттендирилсин.
- “ Чайыр” маселесин токтотуу иши аткарылбай калган учурда жайыт комитетинин төрөгасы М. Ботобековдун иши сессияда каралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүн башчысына жүктөлсүн.
Төрайым Ахунова С.

