Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын № 34 ТОКТОМУ

Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VII   чакырылышынын  кезектеги XII сессиясынын

 

№ 34    ТОКТОМУ

21.04. 2022-жыл.                                                                                                                      Жаңы-Жер айылы

 

 Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга                    

 жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана                         

 толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын эсебинде  калган  67, 4 млн сом каражатты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине каржылоо үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

 

            1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарына № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

Тиркеме тиркелет

2.Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрун максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.

3.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет-экономика жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                   Ахунова  С.


Ак-Турпак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын

кезектеги 12-сессиясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги

№34 токтомуна №1 тиркеме

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат

Атайын каражаттар

 

Экономик

классифик

Мазмууну Сумма
Жалпы 1 кв 2 кв 3 кв 4 кв
  Кирешелер 67,4 0,0 67,4 0,0 0,0
14232400 Айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2022-жылдын

1-январына карата калдык. Мектепке чейинки жана мектеп мекмелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

67,4 67,4    
             
  Чыгашалар          
  Балдар бакчасы 70911          
2218 Тамак-аш сатып алууга 67,4 0,0 67,4 0,0 0,0
22181100 Тамак-аш сатып алууга 67,4 67,4    

 

 

Катчысын милдетин аткаруучу                                                            М. Жолчуева

Жооп калтыруу