Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын № 33 ТОКТОМУ

Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VII   чакырылышынын

кезектеги  XII   сессиясынын

 

№ 33  ТОКТОМУ

21.04. 2022-жыл.                                                                                                  Жаңы-Жер айылы

 

                                                                       Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга                    

                                                                       жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана                         

                                                                       толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда Республикалык бюджеттин эсебинен түшкөн 1483,1миң сом максаттуу трансферттерди айыл өкмөтүнүн Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарына генералдык план жасоо үчүн иштетүүгө 2022-жылдын жергиликтүү бюджетин каржылоо үчүн  2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

 

            1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарына № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

Тиркеме тиркелет

2.Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрун максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.

3.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет-экономика жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрайым                                                                                                   Ахунова  С.


Ак-Турпак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын

кезектеги 12-сессиясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги

№33 токтомуна №1 тиркеме

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат

Бюджеттик каражаттар

 

Экономик

классифик

Мазмууну Сумма
Жалпы 1 кв 2 кв 3 кв 4 кв
  Кирешелер 1483,1 0,0 1483,1 0,0 0,0
14232400 Максаттуу трансферттер 1483,1 1483,1    
             
  Чыгашалар          
  Башкаруу аппараты 70111          
3113 Башка негизги каражаттар 1483,1 0,0 1483,1 0,0 0,0
31132290 Дагы башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди алуу 1483,1 1483,1    

 

 

 

 

 

Катчысын милдетин аткаруучу                                                          М. Жолчуева

Жооп калтыруу