Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын № 39 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VI сессиясынын

№ 39 ТОКТОМУ

29.08.2024-жыл                                                                                            Жаңы-Жер айылы

 

2024-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттардын эсебинен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жана инвестиция тартууда өздүк салымды эске алуу менен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттардын эсебинен зарылчылыкка жараша, мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берүү максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттардын эсебинен зарылчылыкка жараша, мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, киреше булактарын так көрсөтүү, чыгымдардын багыттарын аныктоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу