Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 38 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Төрт- Гүл айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын кароо жөнүндө
Баткен районундагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-августундагы №04-27/1114 сандуу Ак-Турпак айылдык кеңешине жазган кайрылуу катын угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-августундагы №04-27/1114 сандуу каты көнүлгө алынсын жана канаатандырылсын.
- Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон, Өтүкчү, жана Ак-Турпак айылдарында эл менен жыйындар өткөрүлүп, элдин макулчулугун алып, протоколдор түзүлсүн.
- Ак-Турпак айыл аймагы аркылуу 10 км 580 м аралыкта труба аркылуу сууну өз нугунда алып кетүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

