Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын № 36 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VI сессиясынын

№ 36 ТОКТОМУ

29.08.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

 

КР Финансы министрлигине “дем берүүчү гранттын” эсебинен каржылоого долбоорлорду сунуштоо жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл аймагындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында,             Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүдө социалдык объектилерди куруу, оңдоп түзөө максатында, “дем берүүчү гранттын” эсебинен каржылоо үчүн КР Финансы министрлигине айыл өкмөтү тарабынан долбоорлорду сунуштоого жана долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды каржылоого макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Осмоновага милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу