Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 35 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Миң-Чынар айылынын ички жолдоруна асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо жөнүндө
Миң-Чынар айылынын ички жолдоруна элдин салымы жана айыл өкмөтүнүн өздүк салымы менен асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп жаткандыктан айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Миң-Чынар айылынын айыл башчысы А.Дыхановдун кайрылуусун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Миң-Чынар айылына асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунушталсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Осмоновага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

