Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын № 34 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VI сессиясынын

№ 34 ТОКТОМУ

29.08.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

 

“Келечек-Күн нуру” балдар бакчасын ачуу жөнүндө

 

Келечек айылында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жоктугуна байланыштуу айылдагы жаш балдар кароосуз калып жаткандыгынан балдардын коопсуздугун сактоо, балдарга шарттарды түзүү жана бала бакча өтө зарыл болгондуктан элдин салымы, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы жана БУУ ӨП нын каржылоосу менен “Биздин добуш” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Келечек-Күн нуру” балдар бакчасын ачуу долбоору боюнча, Жаш-Тилек айылынын айыл башчысы Т.Имаровдун кайрылуусун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Жаш-Тилек орто мектебинин эски бош жаткан имаратында 10 сааттык 90 орундуу “Келечек-Күн нуру” балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
  2. Жаш-Тилек орто мектеби жайгашкан жалпы 2,0 га жер аянтынын ичинен эски мектептин имаратына 0,25 га жер аянтын кошуп балдар бакчасы үчүн ажыратып берилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Осмоновага милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу