Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 33 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Айыл башчыларын келишим негизинде жумушка алуу жөнүндө
Жалпы Республика боюнча жүргүзүлгөн АТРдин натыйжасында, айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктеринин саны кыскаргандыгын эске алып, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн муктаждыгына жана мүмкүнчүлүгүнө карап, айыл башчылары келишим негизинде жумушка алууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Осмоновага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

