Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 32 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарына ГЕН.ПЛАН түзүү үчүн келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине максаттуу келип түшкөн акча каражаттарын өз багытына чыгымдоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарына ГЕН.ПЛАН түзүү үчүн, Республикалык бюджеттен келип түшкөн 2 665,900 (эки миллион алты жүз алтымыш беш миң тогуз жүз) сом акча каражаты, өзүнүн максаттуу жолу менен багытында жумшалсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

