Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 31 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
“Торговый” базарына жакын жерден сейил бак жана авто унаа токтоочу жай куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
“Мурзакарим” ЖЧКнун директору М.Ботобековдун кайрылуусун эске алып, перспективалуу пландарды ишке ашыруу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- “Торговый” базарына жакын жерден сейил бак жана авто унаа токтоочу жай куруу үчүн 10 (он) га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

