Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын № 29 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VI сессиясынын

№ 29 ТОКТОМУ

29.08.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

 

Дюкер участкасындагы турак жай салуу үчүн берилген жер аянттарынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө

 

КР Жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна таянып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларын канааттандыруу максатында Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Дюкер участкасындагы трансформация болгон 303,0 га жер аянтынын ичинен 30,0 га жайгашкан ордун өзгөртүү боюнча, 700,0 га жер аянтына түзүлгөн башкы пландын түндүк чыгыш тарабына өзгөртүп жайгаштырууга ген. план түзүүгө уруксат берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу