Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 24 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы Күрүчтү кайра иштетүү комплексин
убактылуу пайдаланууга жана ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынын негизинде билдирүүнү угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Жаңы-Жер айылына күрүчтү кайра иштетүү комплекси уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтуу коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
- Күрүчтү кайра иштетүү комплексин бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Маканбаевге жана көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.И.Коргонбаеге тапшырылсын.
Төрага А. Имаров

