Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын № 22 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VI сессиясынын

№ 22 ТОКТОМУ

29.08.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

 

Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк”

сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы                       № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо” жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып жана таянып,  айыл аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан ишкерлерди колдоо жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин көтөрүү максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын ээлеген жер аянттары (плотиналары менен кошо) айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу