Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 21 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы 11 даана сел сактоочу курулмалардын плотиналарынын ээлеген орду жөнүндө
Баткен облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн Ак-Турпак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 15-февралындагы 13 даана сел сактоочу курулмалардын ээлеген жер аянттарына мамлекеттик акт алуу үчүн чечим сурап кайрылган №01-05/1 сандуу чыгыш катындагы маселени угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагындагы 11 даана сел сактоочу курулмалардын плотиналарынын гана (сел тосмо) ордуна мамлекеттик акт алуу үчүн макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

