Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 18 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2024-жылдын 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2024-жылдын 6 айлыгына карата аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Анарбаевдин маалыматын угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- 2024-жылдын башында бекитилген Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги каражаттардын даректүүлүгү боюнча айыл өкмөтү анализ жүргүзүп, акттар түзүлсүн.
- 2024-жылдын 6 айлыгына карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат канааттандырарлык деп табылсын.
- 2024-жылдын башында бөлүнүп бекитилген жергиликтүү бюджеттин өз багыттарында аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ башчы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров