Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
№ 6 ТОКТОМУ
01.02.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Суу бою айылдарындагы электр мамычаларынын жана электр чубалгыларынын жарактуусун айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна калтыруу жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жана “CASA-1000” долбоорунун алкагында каржыланып жаткан, суу бою айылдарында (Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук, Ак-Турпак, Токой, Калача, Чогорок, Чоң-Кара) электр мамычалары жана электр чубалгылары жаңыланып жаткандыктан, ал жердеги мурдагы эски мамычалар менен чубалгыларды айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна калтырып, аймактагы жаңы конуштардагы айылдарга орнотуу, электр энергиясын туташтыруу муктаждыгы болгондуктан бул маселени талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу бою айылдарындагы мурдагы эски электр мамычалардын санын жана электр чубалгыларынын узундугун тактап, жарактуусун аныктап, жарактуусун айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна калтыруу боюнча Баткен райондук электр тармактар ишканасы менен биргеликте комиссия курамы түзүлсүн.
- Жарактуу электр мамычалары менен чубалгылары муктаждыгы бар айылдарга берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Айдаровго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

