Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
№ 5 ТОКТОМУ
01.02.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы Мамлекеттик Фондунун жерлеринин ижара акысын жогорулатуу жөнүндө
Жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатындагы айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү жобонун 1-пунктуна таянып, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн МФнун жер аянттарынын ижара акысы, жердин шартына жараша 1,0 га айдоо, сугат жерге – 20 000 (жыйырма миң) сом жана андан жогору, ал эми 1,0 га көп жылдык бак дарактарга – 10 000 (он миң) сомдон болуп белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Айдаровго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.И.Коргонбаеге тапшырылсын.
Төрага А. Имаров

