Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
№ 4 ТОКТОМУ
09.03.2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
АРИС тин CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун IС кичи компонентинин алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган Күручтү Кайра иштетүүчү комплекс, күрүчтү кургатуу, кабыгынан тазалоо, тазалоо, таңгактоо экономикалык обьектисин ишке ашырууну айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Ак-Турпак айыл аймагынын Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын төрагасы Имамади уулу Бекболоттун билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:
- АРИС тин CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун Icкичи компонентинин алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган Күручтү Кайра иштетүүчү комплекс күрүчтү кургатуу, кабыгынан тазалоо, тазалоо, таңгактоо экономикалык обьектисин ишке ашыруу жана айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин жана 2023-жылы АРИСтин
CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору тарабынан каржыланып, ишке ашырылсын.
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтынан жер ажыратып берүү жана иш кагаздарын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовго жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

