Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
№ 3 ТОКТОМУ
26.01.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү уюштуруу максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында Ак-Турпак муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
- Муниципалдык ишкана түзүү, уставын бекитүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага А.Имаров

