Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
№ 2 ТОКТОМУ
26.01.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аткарган иштери
жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аткарган иштери жана 2024-жылга милдеттери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун отчетун угуп, талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аткарган иштери жана 2024-жылга милдеттери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Имаров

