Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 13 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезексиз IV сессиясынын

№ 13 ТОКТОМУ

18.04.2024-жыл                                                          Жаңы-Жер айылы

           

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына кредит/лизингке атайын техника сатып алуу боюнча Ак-Турпак айыл   өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеӊеши Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын сактоо менен токтом кылат:

 

  1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Кадамжай филиалы менен келишим түзүлүп, 5 (беш) жылдык мөөнөткө 18 (он сегиз) % менен кредит/лизингке 32 000 (Отуз эки миң) АКШ долларына (2 848,0 миң сомго) Мусоровоз SHACMAN 4*2 8м3 маркасындагы атайын техниканы сатып алууга макулдук берилсин.

 

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасы жаңыдан түзүлгөндүгүнө жана айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан айылдардагы таштандыларды өз убагында тазалап туруу максатында атайын техниканы сатып алууга өздүк наркынан 30% өлчөмүндө өздүк салымга 9 600 (тогуз миң алты жүз) АКШ долларына (854,4 миң сом), бажы алымына (пошлина) 15% өлчөмүндө 5 520 (беш миң беш жүз жыйырма) АКШ долларына (491,3 миң сом), камсыздандырууга, декларацияга жана башка техниканын чыгымдарына, жыйымга жана жеткирүүгө 1 500 (бир миң беш жүз) АКШ долларына (133,5 миң сом) жалпы 1 479,4 миң сом акча каражаты Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин. Финансы арендасынын (лизинг) келишимин түзүп, атайын техникага келишимде көрсөтүлгөн графиктеги сумманы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.

 

  1. Тиешелүү болгон иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                А. Имаров

Жооп калтыруу