Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз IV сессиясынын
№ 10 ТОКТОМУ
18.04.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картогорафия боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Турпак айыл аймагынын админристративдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши чечим кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасына жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кеңешинин төрагасы А. Имаров

