Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын № 6 ТОКТОМУ 02.12.2024-жыл

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  

кезектеги II сессиясынын

№ 6 ТОКТОМУ

02.12.2024-жыл                                                                                             Жаңы-Жер айылы

Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” типтүү Жобого ылайык иштелип чыккандыгын эске алып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн “Муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо” 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                           А. Имаров


Ак-Турпак айылдык кеңешинин          VIII чакырылышынын                     2024-жылдын 2-декабрындагы кезектеги II сессиясынын                    № 6 токтомуна 1-тиркеме

 

Ак-Турпак айыл ɵкмɵтүндɵгү муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жɵнүндɵ ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жɵнүндɵ ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ”, “Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген Типтүү Жобого ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объектерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндɵ пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
  2. Ак-Турпак айыл ɵкмɵтү Типтүү Жобонун 8-главасын жана 11-пунктун кошпогондо, Типтүү Жобонун жана ɵз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди ɵз алдынча жүзөгө ашырат.

 

2-глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктɵр

3.Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктɵр:

ижара – ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объекти пайдалануу укугу менен ижарага алуучуга белгиленген акы алуу менен белгилүү бир мɵɵнɵткɵ берүү;

(Агенттиктин 2023-жылдын 5-июнундагы № 164 буйругунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилди)

ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;

ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижарага берүүгɵ тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;

     аукцион – торуктун түрү, мында эӊ жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп таанылат;

аукционду алып баруучу – тоорукту аукцион формасында жүргүзгɵн жана аукционду ɵткɵрүү эрежелеринин сакталышын кɵзɵмɵлдɵгɵн жак;

арыз ээси – муниципалдык менчиктеги объекти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн ɵтүнмɵ берген жеке же юридикалык жак;

конкурс – тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгиленген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеӊүүчү деп табылат;

муниципалдык менчиктеги объект – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;

оперативдүү башкаруу – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;

пайдалануу – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы тоорук ɵткɵрбɵстɵн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк объекттерин берүүнүн формасы;

муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү – жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги объекттерге карата ижара укукгун тоорук ɵткɵрбɵстɵн түз сүйлɵшүүлɵр жолу менен берүү ыкмасы;

тоорук – муниципалдык менчикте турган объектерге ижара укугун аукцион же конкурс түрүндɵ берүү ыкмасы;

катышуучу – тоорукка катышууга уруксат алган арыз ээси;

чарба жүргүзүү – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы.

 

3-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүү

  1. Муниципалдык мүлк муниципалдык ишканаларга жергиликтүү маанидеги маселелерди жана муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугуна ɵбɵлгɵ болуучу башка тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде чарба жүргүзүүгɵ берилет.
  2. Муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана муниципалдык мүлктү субижарага өткөрүп бере алышат, күрөө катары көрсөтүп, башка операцияларды жүргүзө алышат.
  3. Муниципалдык мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, уюштуруучунун функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде муниципалдык мекемелерге оперативдүү башкарууга берилет.
  4. Муниципалдык мекемелер муниципалдык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана субижарага өткөрүп бере алышат.
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу катары иш алып барган коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү кеӊештин чечими боюнча акцияларга ээ болгон акционердик коомдорго муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүгө укуктуу.
  6. Пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктүн субижарасы үчүн акы жергиликтүү бюджетке түшөт.
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, ушул Жобонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.

 

4-глава. Тооруктардын түрлөрү

  1. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
  2. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты муниципалдык менчикти ижарага берүү үчүн максималдуу бааны алуу жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу зарылдыгы болгон учурларда аукциондун негизинде тооруктар дайындалат.

(Агенттиктин 2023-жылдын 5-июнундагы № 164 буйругунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилди)

  1. Аукцион түрүндөгү тооруктар электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн. Тооруктар КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
  2. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү жамааттын экономикалык же социалдык чөйрөдө өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналган учурларда конкурстун негизинде тооруктар өткөрүлөт.
  3. Тооруктун бир түрүн колдонуу жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.

5-глава.Тооруктарды уюштуруу боюнча жалпы жоболор

16.Тооруктарды ɵткɵрүү жɵнүндɵ чечим кабыл алуу үчүн тɵмɵнкүлɵр негиз болуп бере алат:

– муниципалдык мүлктү ижарага берүү зарылдыгы жɵнүндо жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын чечими;

– муниципалдык менчиктин айрым объектерин ижарага берүү боюнча социалдык- кономикалык ɵнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы;

– муниципалдыкдык мүлктү ижарага алууга жеке жана юридикалык жактардын арызы.

  1. Тооруктарды ɵткɵрүү үчүн жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объектерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзɵт.
  2. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ɵкүлдɵрү, жергиликтүү кеӊештин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын ɵкүлдɵрү киргизилет.
  3. Комиссиянын курамы, анын тɵрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен бекитилет.
  4. Комиссиянын мүчɵлɵрүнүн саны 5 (беш) адамдан кем болбойт.
  5. Тооруктарды даярдоо үчүн Ак-Турпак айыл ɵкмɵтү:

– пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык ɵнɵктүктү жүргүзɵт,

– тоорукка катышууга талапкерлерден арыздарды кабыл алууну уюштурат,

– тооруктарды ɵткɵрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.

  1. Комиссия

– келип түшкɵн ɵтүнмɵлɵргɵ ушул Жобонун талаптарына ылайык баа берет,

– тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндɵ бекитет жана аны айыл ɵкмɵт башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет,

– муниципалдык менчиктеги объектерди ижарага берүүгɵ байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чегинде карайт.

  1. Ижарага берүүчү тооруктарды ɵткɵрүү үчүн тɵмɵнкү докумденттерди даярдап, талапкерлерге берет:

– кыймылдуу же кыймылсыз мүлк объектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жɵнүндɵ тастыктоочу маалыматты;

– техникалык паспорттун кɵчүрмɵсүн же объектинин техникалык мунɵздɵмɵлɵрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жɵнүндɵ маалыматты;

– муниципалдык менчиктеги объекттин баалоочу же баланстык наркын;

– муниципалдык менчиктеги объекттер боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлɵрдүн эсебин;

– жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы) боюнча эсептерди;

– муниципалдык менчиктеги объекттин ижара акысынын баштапкы наркын.

  1. Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара объекттисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчун объектке укук белгилɵɵчү жана башка документтерди берүүгɵ милдеттүү.
  2. Өткɵрүлгɵн тооруктар жɵнүндɵ кулактандыруу маалымат такталарына, айылдык аймактын, райондун сайтына, социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин 30 (отуз) күндɵн кечиктирбестен жайгаштырылат.

Кулактандырууда тɵмɵнкүлɵр кɵргɵзүлɵт:

– объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери,

– объекттин максаттуу багыты,

– тооруктарды ɵткɵрүүнүн шарттары, күну, орду,

– тооруктун баштапкы баасынын ɵлчɵмү,

– арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү,

– тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар (конкурс ɵткɵрүлгɵн учурларда),

– тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгɵн арыздарды кабыл алуучу жердин дареги.

  1. Талапкерлер айыл ɵкмɵтүнө 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.
  2. Талапкерлерди каттоону айыл ɵкмɵтүнүн жооптуу кызматкери жүргүзɵт. Кызматкер каттоо фактысы жɵнүндɵ талапкерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет (2-тиркеме).
  3. Тоорукка каттодон ɵткɵн жана белгиленген форма (3-тиркеме) боюнча арыз берген талапкерлер катыша алышат.
  4. Эгерде тоорукка катышкандардын саны экиден кем болбосо, тоорук ɵттү деп таанылат.
  5. Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүүнүн баштапкы баасы объектиге байланышкан жер салыгынын, ошол объект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.
  6. Муниципалдык менчиктеги орбъектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилɵɵгɵ жол берилет.
  7. Тоорук эки этап менен ɵткɵрүлɵт.
  8. Биринчи этапта Комиссия ɵтүнмɵлɵрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталганына жараша баалайт.
  9. Экинчи этапка ɵтүнмɵлɵрү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.
  10. Экинчи этапта тɵмɵнкүлɵргɵ баа берилет:

– аукцион үчүн – сунуш кылынган максималдуу баа боюнча,

– конкурс үчүн – коюлган максатка жетүү эӊ жакшы сунушталган шарттар боюнча.

  1. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчɵлɵрүнүн жалпы санынын үчтɵн экисинин кем эмес кворуму болгондо жɵнɵкɵй кɵпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат.
  2. Добуштар теӊ болгон учурда комиссиянын тɵрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
  3. Тооруктарды ɵткɵрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия протоколго кол койот, бул протокол тооруктун жеӊүүчүсү менен келишим түзүү үчүн айыл ɵкмɵт башчысына жиберилет.
  4. Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын мүчɵлɵрү ушул Жобону бузгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана Комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.
  5. Комиссия же анын айрым мүчɵлɵрү айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен макул болбогон учурда тооруктун жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди жергиликтүү кеӊеш ɵзүнүн чечими менен кабыл алат.
  6. Арыздарды баалоону жүргүзүүдɵ техникалык мүмкүнчүлүк болбогондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде ɵткɵрүүгɵ жол берилет.

 

6-глава. Аукцион түрүндɵ тооруктарды ɵткɵрүүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрү

  1. Аукционду ɵткɵрүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт.
  2. Аукциондун “арымы” баштапкы ижара акынын 10 пайызына (%) чейинки ɵлчɵмүндɵ белгиленет.
  3. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнɵздɵмɵлɵрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
  4. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди кɵтɵрүп турушат.
  5. Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген “арымынан” кем эмес ɵлчɵмдɵ жогорулатуу сунушу менен кайрылат.
  6. Аукциондун катышуучусу ɵзүнүн билетин кɵтɵрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктоо менен аукционду алып баруучуга кайрылат.
  7. Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны 3 (үч) жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы – жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп жарыяланат.
  8. Аукциондун жеӊүүчүсү аукцион ɵткɵрүлгɵн күнү аукциондун жыйынтыгы жɵнундɵ протоколго кол коюуга тийиш (4-тикеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Комиссиянын мүчɵлɵрү кол коюшат.
  9. Эгер аукциондун жеӊүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия аукциондун биринчи жеӊүүчүсүнɵн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орунду ээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жɵнүндо протоколго кол койсо, ал аукциондун жеӊүүчүсү деп таанылат.
  10. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол койгондон тартып беш иш күндун ичинде айыл өкмөтү менен аукциондун жеӊүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлɵт.
  11. Тɵмɵнкү учурларда аукцион ɵткɵн жок деп эсептелет:

– бир катышуучу катышса,

– 50-пунктта каралган учурда экинчи жеӊүүчү аукциондун жыйынтыгы жɵнүндо протоколго кол коюудан баш тартса,

– баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукцион бир катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.

  1. Аукцион ɵткɵн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындалат.
  2. Эгер экинчи аукцион да ɵткɵн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан ɵткɵрүлгɵн аукциондун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.

7-глава. Конкурс түрүндɵ тооруктарды ɵткɵрүүнун ɵзгɵчɵлүктɵрү

  1. Айыл өкмөтү муниципалдык менчиктин объекттерин максаттуу багытын жергиликтүү жаматтын керектɵɵлɵрүнɵ, социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү жана жергиликтүү жааматты социалдык коргоо программасынын талаптарына, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын чечимдерине жараша аныктайт.
  2. Айыл өкмөтү максаттуу багыттын негизинде объектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат, ал конкурска катышууну каалагандарга берилет.
  3. Арыз берүүчүлɵрдɵн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчɵлɵрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.
  4. Комиссия келип түшкɵн конкурсттук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун негизги шарттарын жарыялайт жана түшкɵн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
  5. Берилген арыздарды баалоонун жүрушүндɵ Комиссия конкурстун катышуучуларына ɵздɵрүнүн конкурсттук сунуштарын түшүндүрүп берүү ɵтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
  6. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушун негиздеп берүү укугу берилет.
  7. Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчɵсү ɵз-ɵзүнчɵ баалап чыгат.
  8. Конкурстун жеӊүүчүсү ар бир ɵтүнмɵ боюнча Комиссиянын мүчɵлɵрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат.
  9. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Конкурстун баардык катышуучуларынын упайларын жана конкурстун жеӊүүчүсүнɵ берилген бааны кɵрсɵтүү менен протокол түзɵт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде берилди.
  10. Конкурстун эки же андан кɵп катышуучулары алган упайлар теӊ болгон учурда эң жогорку ижара баасын сунуштаган катышуучу жеңүүү болуп таанылат.

(Агенттиктин 2023-жылдын 5-июнундагы № 164 буйругунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилди)

  1. Эгерде бул учурда кайра баалоо бир жеӊүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.

(Агенттиктин 2023-жылдын 5-июнундагы № 164 буйругунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилди)

  1. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде ижарага берүүчү менен конкурстун жеӊүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлɵт.
  2. Эгер конкурстун жеӊүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жɵнундɵ протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеӊүүчүсүнɵн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жɵнундɵ протоколго кол койсо, ал конкурстун жеӊүүчүсү деп таанылат.
  3. Тɵмɵнкү учурларда конкурс ɵткɵн жок деп эсептелет:

– бир катышуучу катышса,

– 67-пунктта каралган учурда экинчи орунду ээлеген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жɵнүндɵ протоколго кол коюудан баш тартса,

– эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы ɵтүнмɵ конкурс үчүн талаптарга жооп бербесе.

  1. Конкурс ɵтпɵй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат.
  2. Эгер экинчи конкурс да ɵткɵн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан ɵткɵрүлгɵн конкурстун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же конкурсту ɵткɵрүүнү жокко чыгарууга укуктуу.

 

 

8-глава. Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз берүү

  1. “Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ” КР мыйзамынын 15-беренесинин жоболору муниципалдык менчиктеги объекттерди тооруктарды ɵткɵрбɵстɵн түз берүү ыкмасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
  2. Муниципалдык менчиктеги объекттерди тоорук ɵткɵрбɵстɵн берүү жɵнүндɵ чечим ар бир учур боюнча жергиликтүү кеӊештин чечими менен кабыл алынат.
  3. Муниципалдык менчиктин объекттерин ижарага түз берүү тɵмɵнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:

– муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгɵн ижара келишиминин бардык талаптарын сактап, ижара мɵɵнɵтү бүткɵндɵн кийин жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына ижара жɵнүндɵ ɵтүнүч менен кайра кайрылса,

– объекттин максатту багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланыштуу болуп, мында айылдык аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жɵндɵмдүү башка уюмдар болбосо;

– (Агенттиктин 2023-жылдын 5-июнундагы № 164 буйругуна ылайык абзац күчүн жоготту деп табылды)

– объектиге турмуштук оор кырдаалда турган адамдар: улгайган адамдар, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлуктɵрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдүн ɵкүлдɵрү жана башка талапкер болсо;

– муниципалдык менчиктеги объект белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлуп, ижарага берилбесе.

  1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз сүйлɵшүүлɵр жолу менен ижарага алууга талапкерлер айыл өкмөтүнө арыз беришет, мында ɵтүнмɵдɵ тɵмɵнкүлɵр кɵрсɵтүлɵт:

– арыз ээси жɵнүндɵ маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери),

– муниципалдык менчиктеги объекттин жайгашкан жери жана аталышы,

– болжолдуу максаттуу багыты,

– муниципалдык мүлктү түз берүү үчүн негиздеме,

– жергиликтүү жаамат ала турган пайда.

  1. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат, бул чечим протокол түрүндɵ таризделет.
  2. Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги объектти түз сүйлɵшүүлɵр жолу менен берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү кеӊештин кароосуна киргизет.
  3. Жергиликтүү кеӊештин чечиминин негизинде жергиликтүү кеӊештин токтому кабыл алынган күндɵн тартып беш иш күндүн ичинде айыл ɵкмɵтүнүн башчысы менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлɵт.

     9-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга же ижарага берүүдɵ        келишимдик мамилелердин ɵзгɵчɵлүктɵрү

  1. Муниципалдык мүлктү пайдалануу келишими ижарага берүүчү белгилеген мɵɵнɵткɵ түзүлөт.

(Агенттиктин 2023-жылдын 5-июнундагы № 164 буйругунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилди)

  1. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү мɵɵнɵтүн ижарага берүүчү белгилейт.
  2. Пайдалануу же ижаралоо келишиминин шарттарына ɵзгɵртүүлɵр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилет.
  3. Ижара келишиминин мɵɵнɵтү бүткɵнгɵ чейин бир айдан кечиктирбестен ɵз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы жана ижарага берүүчү тараптар колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен ижаралоо келишимин ошол эле мɵɵнɵткɵ узарта алышат.
  4. Ушул Жобонун 82-пунктуна ылайык ижара келишимин узартуу жɵнүндɵ кошумча макулдашуу айрым бир шарттар менен түзүлɵт, эгерде ижарачы:

1) ижара акысын, туумдарды, коммуналдык тɵлɵмдɵрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын тɵлɵɵ боюнча карызы болбосо (эгерде аларды тɵлɵɵ милдети ижарачыга жүктɵлсɵ);

2) ижара акысын ɵз убагында тɵлɵбɵгɵндүгү форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, ижарага алган мɵɵнɵт ичинде ижара акысын бир нече жолу кечиктирбесе;

3) конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгɵн ижара келишиминде каралган милдеттемелерди аткарса.

  1. Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдɵн жүйɵлүү баш тартуусу ижарачыга келишимди узартуу тууралуу сунушту алган учурдан тартып беш иш күндɵн кечиктирбестен жазуу жүзүндɵ жиберилүүгɵ тийиш.
  2. Ижара мɵɵнɵтүн узартууда ижара акысы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
  3. Ижара келишими тɵмɵнкү учурларда токтотулат:

1) келишимди колдонуу мɵɵнɵтү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жɵнүндɵ кошумча макулдашуунун мɵɵнɵтү аяктаганда;

2) тараптардын ɵз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;

3) тараптардын биринин талабы боюнча сот ижара келишимин мɵɵнɵтүнɵн мурда бузганда;

4) ижарачы – юридикалык жак жоюлганда;

5) жеке жак – ижарачы каза болгондо, ал аракетке жɵндɵмсүз, аракетке жɵндɵмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок деп табылганда;

6) ижарачы ижара акысынын ɵлчɵмүн ɵзгɵртүүгɵ макул болбогондо.

  1. Ижарага берүүчү келишим шарттарын бузган ижарачыдан буларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде:

1) ижара объектисин же мүлктүн багытын ижара келишиминин шарттарын бузуу менен колдонуп жатса;

2) муниципалдык мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугусуз субижарага ɵткɵрүп берсе;

3) ижара келишиминде белгиленген мɵɵнɵт аяктагандан кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын тɵлɵбɵсɵ;

4) эксплуататциялоо процессинде ижара объектинин техникалык мүнɵздɵмɵлɵрү начарласа, же зыянга учуруса, аларды жоюу үчүн оӊдоо–калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынса;

  1. Ижарачы тɵмɵнкү учурларда ижарага берүүчүдɵн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну же кетирген кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу:

1) ижарага берүүчү келишимдин шарттарына ылайык ижара объектисин пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

2) ижарага берилген муниципалдык мүлктүн кемчиликтери болсо, ижара келишимин түзүүдɵ айтылбаса жана келишим түзүүдɵ ижара объектисин карап чыгуу учурунда аныкталбай калса.

  1. Ижара келишимин токтотуу ижарачыны ижара акысын тɵлɵɵ жана туумдар менен айыптарды тɵлɵɵ зарылчылыгынан бошотпойт.
  2. Ижарачы ижара мɵɵнɵтүнүн ичинде капиталдык ремонт жасаган учурда тараптардын макулдашуусу боюнча ремонт иштерине кеткен чыгымдар ижара акысы катары эсепке алынышы мүмкүн.
  3. Муниципалдык мүлктүн эскиришин калыбына келтирүү жана амортизациялык чегерүүлɵрдү топтоо боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруусу боюнча талаптарды кɵрсɵтүү ижара келишимин түзүүдɵ милдеттүү шарт болуп саналат.
  4. Ижарага берүүчү амортизациялык чегерүүлɵрдү топтоо боюнча шарттардын сакталышына кɵзомɵлдү камсыз кылууга милдеттүү.
  5. Ижара объектисин кабыл алуу-ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ шарттар ижара келишимине киргизилүүгɵ тийиш.
  6. Эгерде ижара келишиминде башкача каралбаса, ижара объектисин кабыл алуу-ɵткɵрүп берүүгɵ даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзɵгɵ ашырылат.
  7. Келишим токтотулганда ижарачы ижара объектисин жакшы абалда ижарага берүүчүгɵ кайтарып берүүгɵ милдеттүү.
  8. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда тараптар КР мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылышат.
  9. Күнɵɵлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ижара келишими боюнча ɵз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган баардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 

 

 

Кимге:_______________________ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына           Кимден: ________________________________ (аты-жөнү) ________________________________

Тел.:____________________________

 

 

АРЫЗ

 

______________________________ муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү боюнча тоорукка (аукционго/конкурска) катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм.

 

Тиркелген документтердин тизмеги:

 

 

1)

______________________________________________________________________

2)

______________________________________________________________________

3)

______________________________________________________________________

4)

______________________________________________________________________

 

Өтүнмө ээсинин кол тамгасы

 

_______________________________________________________________________

(инициалдары жана фамилиясы)

 

 

20 ____-жылдын “___”-_______________.

 

 

Өтүнмөнү каттоо күнү жана номери

 

20____-жылдын “___”-____________ № ______

 

 

 

___________________________________________________________________________

(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы, инициалдары жана фамилиясы, кол тамгасы)

 

 

2-тиркеме

 

 

КАБАРЛАМА

(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

 

20___-жылдын                                                                         «___» -______________________

 

__________________шаары/айылдык аймак

 

Каттоо номери __________________

 

  1. Кимден: ______________________________________________________________

(фамилиясы, аты, атасынын аты, талапкердин – жеке жактын паспортунун номери, ______________________________________________________________________                                                 юридикалык жактын аталышы)

 

_______________________________ муниципалдык менчигинде турган

 

жана _____________________________________________________ дареги боюнча

жайгашкан

(жайгашкан жердин сүрөттөлүшү)

 

объектти ижарага алуу үчүн тоорукка (аукционго, конкурска) катышууга өтүнмө кабыл алынды.

 

  1. Тоорук (аукцион, конкурс) 20 ___-жылдын “___”-_____________ өтөт.

 

__________________________________ имаратындагы кабинеттин № __________

 

Дареги ________________________________________________________                                                                (жайгашкан жери – толугу менен жазылат)

 

  1. Өтүнмө менен катар төмөнкү документтер кабыл алынды: ______________________________________________________________________

______________________________________________________________________

 

Талапкердин өтүнмөсүн кабыл алуу жана каттоо үчүн жооптуу адамдын

аты-жөнү, кызматы жана кол тамгасы _____________________________________________________

(кол тамгасы)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-тиркеме

 

 

 

Өтүнмө ээлерине (талапкерлерге) тоорукка

катышууга уруксат берүү жөнүндө

20___-жылдын «___»-__________________№ ____

 

 

ПРОТОКОЛ

 

Комиссиянын курамы:

 

Төрагасы ____________________________________________________

 

Катчысы________________________________________________________

 

Комиссиянын мүчөлөрү__________________________________________________

 

Өтүнмөлөрдүн саны _____________________

 

 

Тоорукка катышууга уруксат алган өтүнмө ээлери (талапкерлер) (аты-жөнү):

 

  1. _______________________________________________________________

 

  1. _______________________________________________________________

 

  1. _______________________________________________________________

 

 

Тоорукка катышууга уруксаты жок өтүнмө ээлери (талапкерлер) (аты-жөнү):

 

  1. ______________________________ (уруксат берилбеген себебин көрсөтүү менен)

 

  1. ______________________________ (уруксат берилбеген себебин көрсөтүү менен)

 

  1. ______________________________ (уруксат берилбеген себебин көрсөтүү менен)

 

 

Комиссиянын төрагасы _________________________________

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-тиркеме

 

 

 

Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

20___-жылдын «___»-___________________№ ____

 

 

ПРОТОКОЛ

 

 

Аукциондун уюштуруучусу: ______________________________________________________________________

 

Аукционду алып баруучу: ______________________________________________________________________

 

Жеңүүчү: _______________________________________________________

 

Экинчи жеңүүчү: _________________________________________________

 

Ушул лот боюнча аукционго катышкан катышуучулардын саны_______________

 

Номер _______ лот

 

Объекттин аталышы ___________________________________________________

 

Жайгашкан жери______________________________________________________

 

Объекттин мүнөздөмөлөрү (аянты, жылы ж.б.)_____________________________ _____________________________________________________________________

 

Ижара мөөнөтү _______________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

Баштапкы баасы ______________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

Акыркы баасы ________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

 

Тооруктарды уюштуруучу______________________________________________

(аты-жөнү)                                         (кол тамгасы)

 

Аукционду алып баруучу_______________________________________________

(аты-жөнү)                                         (кол тамгасы)

 

Аукциондун жеңүүчүсү ________________________________________________

(аты-жөнү)                                          (кол тамгасы)

 

 

 

 

 

5-тиркеме

 

 

Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү укугуна конкурс

өткөрүүдө баалоо критерийлери

 

Критерийдин аталышы Баалоочу упайлар
1. Бул объект үчүн коюлган максатка жетүүнүн негиздүүлүгү  
  – максатка жетүү мүмкүн болбойт деген жогорку тобокелдиктер 0
  – максатка жарым-жартылай жетүүгө болот 10
  – максатка жетүүгө ыктымалдыгы жогору 20
2. Жергиликтүү жамаатка тийгизген оң таасири  
  – пайданы жарандардын чакан тобу көрөт 5
  – оң таасирин бардык айыл сезет 10
  – оң таасир айыл аймагынын бардык чегинде болот 20
3. Муниципалдык менчиктеги объектти туруктуу пайдалануу  
  – мүлктүн эскиришин калыбына келтирүүнүн туруктуу ыкмалары каралган эмес 0
  – эскирген мүлктү калыбына келтирүү ыкмалары формалдуу мүнөзгө ээ 5
  – келечекте аларды максаттуу пайдалануу менен амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо ыкмалары толугу менен каралган 10
4. Жарандардын аялуу топторуна тийгизген таасири  
  – жарандардын аялуу топторуна колдоо көрсөтүү каралган эмес 5
  – калктын аялуу катмарындагы адамдар үчүн белгилүү бир жумуш орундарын түзүү болжолдонууда 10
  – долбоор толугу менен жарандардын аялуу топторун колдоого багытталган 25
5. Инновацияларды киргизүү  
  – инновациялар жок 0
  – инновация өтүнмө ээсинин өзүнүн ишин жакшыртууга таасир этет 10
  – инновация бүтүндөй жамааттын өнүгүшүнө таасир этет 25
  Бардыгы Максималдуу 100 балл

 

 

 

 

6-тиркеме

 

 

Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

20___-жылдын «___»-___________________№ ____

 

ПРОТОКОЛ

Комиссиянын курамы:

 

Төрага ___________________________________________________________

 

Катчы ___________________________________________________________

 

Комиссиянын мүчөлөрү_________________________________________________________

 

Жеңүүчү: _________________________________________________________

 

Экинчи жеңүүчү: ___________________________________________________

 

Объекттин аталышы _________________________________________________

 

Жайгашкан жери____________________________________________________

 

Объекттин мүнөздөмөсү (аянты, жылы ж.б.)_____________________________

 

_____________________________________________________________________

 

Ушул лот боюнча түшкөн сунуштардын саны ______________________

 

 

Катышуучу Конкурстук сунуш Упайлардын саны
Конкурстун жеңүүчүсү    
Экинчи жеңүүчү    
ж.б.    

 

 

Ижара мөөнөтү __________________________________________________________                                                         (сандар жана сөз менен)

 

Ижара акысы _________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

 

Конкурстук комиссиянын төрагасы ______________________________________

(аты-жөнү) (кол тамгасы)

 

Конкурстук комиссиянын катчысы _________________________________________

(аты-жөнү) (кол тамгасы)

 

Жооп калтыруу