Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
№ 3 ТОКТОМУ
29.11.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын, Элдик Курултайдын 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрында саат 10:00дө Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
- Өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны нормага ылайык (10 001ден 20 000ге чейин) 100 (жүз) өкүл болуп бекитилсин.
- 2-тиркемеге ылайык:
-жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү үчүн Ак-Турпак айыл аймагы 15 айылга (аймактык бөлүккө) бөлүнүп;
-айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги;
-айылдык кеңештин депутаттары айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жооптуу болуп бекитилсин.
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнө:
– айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соцтармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жашоочуларды кабарлоо;
– өкүлчүлүктүү жыйын өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү кабардар кылуу;
– жыйындар өтүүчү жайларды аныктап, тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага А.Т. Имаров
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы кезектеги I сессиясынын
№ 3 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
- Жумушчу топтун башчысы – айылдык кеңештин төрагасы А.Имаров;
- Жумушчу топтун катчысы – айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев;
- Жумушчу топтун мүчөлөрү – айылдык кеңештин депутаттары;
– айыл башчылар;
– Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы;
– Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы кезектеги I сессиясынын
№ 3 токтомуна 2-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагынын айылдарында III Элдик Курултай боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана жооптуулар
| № | Айылдын аталышы | Мөөнөтү | Өткө-рүү убак-тысы | Жыйын өтүүчү жай | Шайла-нуучу өкүл-
дөрдүн саны |
Жооптуулар |
| 1 | Өтүкчү | 04.12.2024 | 10:00 | Өтүкчү айылы | 3 |
Б.Ганыева Г.Садыкова К.Бөкөев
|
| 2 | Кызыл-Коргон | 04.12.2024 | 14:00 | Кызыл-Коргон о.м | 5 | |
| 3 | Кара-Тумшук | 04.12.2024 | 16:00 | Кара-Тумшук айылы | 2 | |
| 4 | Ак-Турпак | 04.12.2024 | 10:00 | Ш.Жээнбаев о.м | 4 |
К.Келдибеков Б.Коргонбаев М.Кенжебаев |
| 5 | Чон-Кара | 04.12.2024 | 14:00 | Чоң-Кара о.м | 2 | |
| 6 | Токой | 04.12.2024 | 16:00 | Токой айылы | 2 | |
| 7 | Калача | 05.12.2024 | 10:00 | Калача айылы | 2 | |
| 8 | Чогорок | 05.12.2024 | 14:00 | Чогорок айылы | 2 | |
|
9 |
Жаны-Жер, Сары-Камыш, Дюкер |
04.12.2024 |
10:00 |
Жаны-Жер Маданият үйү |
21
|
К.Арзыбаев Д.Кулуева У.Абдикаримов А.Тешебаева Б.Бурханов А.Урмонов
|
|
10 |
Мин-Чынар |
04.12.2024 |
10:00 |
А.Төралиев о.м |
20
|
А.Имаров Г.Салиева Г.Джеенбаев М.Жолчуева Б.Сатыбалдиев А.Дыханов
|
|
11 |
Мин-Чынар-2 |
04.12.2024 |
15:00 |
Мин-Чынар -2 о.м |
5 |
|
|
12 |
Келечек |
04.12.2024 |
10:00 |
Келечек айылы |
3 |
К.Сейитмуратов С.Акматова А.Мамараимов Т.Имаров
|
|
13 |
Жаш-Тилек |
04.12.2024 |
14:00 |
Жаш-Тилек о.м |
4 |
|
|
14 |
Жетиген |
04.12.2024 |
16:00 |
Жетиген айылы |
6 |
|
|
15 |
Өрүк-Зар |
04.12.2024 |
10:00 |
Өрүк-Зар о.м |
19 |
М.Ботобеков
С.Ахунова К.Бөкөева А.Бөрүбаев Э.Зайилов |
| Жалпы | 100 |
|
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев

