Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
№ 1 ТОКТОМУ
29.11.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентинин негизинде, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясынын протоколдоруна негиз, айылдык кеңештин депутаты Имаров Алмарсбай Торалиевич Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
- 2024-жылдын 29-ноябрындагы эсептөө комиссиясынын № 1, 2, 3 протоколдору бекитилсин.
Төрага А. Имаров

