Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын № 25 ТОКТОМУ 14. 11 .2023-жыл

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги XIV сессиясынын

 

 № 25 ТОКТОМУ

  1. 11 .2023-жыл                                                                                      Жаңы-Жер айылы

 

                                   “Оомат-Ордо “ ЖЧКнын директору К. Жолдошовдун

                       кайрылуусу  жөнүндө.

 

“Оомат-Ордо” ЖЧКнын директору К. Жолдошовдун 2023-жылдын 16-октябрындагы билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешин сессиясы

токтом кылат:

 

1.“Оомат -ордо “ ЖЧКнын бизнес проектиси жактырылсын.

 

  1. “Оомат-Ордо “ЖЧКна ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн пайдаланылбай бош жаткан жерлерден сунушталсын.

 

3.Сунушталган жердин түрүн аныктоо үчүн тиешелүү мекеме -ишканаларга жөнөтүлсүн. Сунушталган жер асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлеринин жайыт түрүндө болуп аныкталса, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 85 Мыйзамы менен бекитилген жобого негиз райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жер маселелери боюнча комиссияга сунушталсын.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

           Төрага                                                                                                     А. Имаров

Жооп калтыруу