Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын № 21 ТОКТОМУ 05.10.2023-жыл

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XIII сессиясынын

 

                                                                    № 21  ТОКТОМУ

 05.10.2023-жыл                                                                                       Жаңы-Жер айылы

                                 Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча

                                       уюштуруу жана өткөрүүдөгү өкүлчүлүктүү

                           жыйындар жөнүндө.

 

Элдик Курултайды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  

  1. Ак-Турпак айыл аймагында өткөрүлүүчү өкүлчүлүктүү жыйындын убактысы, өтүүчү жери, өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны, өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттардын аймактык бөлүктөрү, жыйындарды өткөрүү графиги, өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңешин депутаттарын тизмеси, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

2.Айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча иш кагаздарын даярдоо жана жүргүзүү жагы айылдык  кеңешинин төрагасын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                     А. Имаров

Жооп калтыруу